Саясат

Аскар Акаев: “Үй-бүлөм эч качан мамлекеттик кызматтарга аралашкан эмес”

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев “АвторТВ” медиа тармагына кеңири маек курган:
” Менин үй-бүлөм эч качан мамлекеттик иштерге аралашкан жок. Эки улуу агам бар. Биринчи агам Болот Акаев советтер доорунда эле партиялык, профсоюздук кызматтарда иштеп келген. Мен президенттик кызматка келгенде дагы, кеткенде дагы иштеди. Мен анын кызматына тиешем болгон эмес. Кийинки агам айылда совхоздо иштеди. Экөө тең кызматынан көтөрүлгөн жок. Балдарыма келсек, улуу кызым Бермет Щвецарияда окуп, БУУнун Европалык бөлүмүндө иштеп калды. Чет
тилдердин баарын билет.
Уулум Айдар Вашингтондон окуусун бүтүп келип, финасы министрлигинде кеңешчи болуп иштеди,
бирок официалдуу кызматка отурган жок.
Айтаарым, үй-бүлөм саясатка аралашпастан тескерсинче мамлекеттин түптөлүшүнө жардам беришти”- деген оюн билдирди Аскар Акаев.
Булак: avtortv.com

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *