Аскар Акаев Дубайдагы жолугушуу тууралуу: Мен кесиптештерди макул болууга чакырдым

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мурунку президент Аскар Акаев Кыргызстандын экс-президенттеринин 17-февралда Дубайда өткөн жолугушуусу боюнча комментарий берди.

Акаевдин каты төмөндө толугу менен:

«Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров жана анын командасы шайлангандан бери өткөн эки жылдын ичинде мамлекеттик жана коомдук турмуштун бардык тармактарында, өлкөнүн ички жана тышкы саясатында көрүнүктүү ийгиликтерге жетишти.

Алар биринчи кезекте мамлекеттүүлүктүн негиздерин бекемдеп, эффективдүү мамлекеттик башкарууну калыбына келтиришти. Ошого жараша биринчи оң натыйжалар пайда болду.

Өткөн 2022-жылы гана тарыхый маанидеги бир катар окуялар болуп өттү. Анын ичинде Казакстан жана Өзбекстан менен Чолпон-Атада “Борбордук Азияны 21-кылымда өнүктүрүү боюнча достук, жакшы коңшулаштык жана кызматташтык келишимине” кол коюу жана Өзбекстан менен болгон чек ара маселелерин ийгиликтүү өз ара алгылыктуу жана өз ара пайдалуу чечүү, бул коңшу бир тууган элдер менен мамилелерди ишенимдин сапаттык жаңы деңгээлине көтөрүп, жемиштүү кызматташууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү Орусия менен мамилеси бекемдеди.

Экономикада да ийгиликтер бар. Эң ири алтын казуучу “Кумтөр” комбинаты улутташтырылып, жалаң кыргыз элинин жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгы үчүн иштей баштады. Бул эл чарбасынын жогорулашына кубаттуу түрткү берди. Кыргызстандын ИДПсынын 2022-жылы 7%га өсүшү бардык ЕврАзЭС жана КМШ өлкөлөрү үчүн рекорддук көрсөткүч болду. Алдыда эбегейсиз чоң инфраструктуралык долбоордун башталышы – Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу турат, ал кыргыз өндүрүүчүлөрүн түздөн-түз океанга алып барат. Эң ири Камбар-Ата ГЭСинин курулушу улантылат, бул экономиканы өнүктүрүүнүн энергетикалык базасын чыңдайт.

Өткөн жылдын этегинде кыргыз элинин салттуу элдик демократиясынын негизги элементтеринин бири болгон жалпы элдик Курултай өтүп, анда Кыргызстан элин Кыргызстандын келечектеги бакубаттуулугу үчүн биримдикке чакырды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда өлкө үчүн өтө зарыл болгон экономикалык жылышка жана андан ары динамикалуу туруктуу өсүшкө шарт түзгөн кырдаал түзүлдү — элдин жыргалчылыгын кескин жогорулатуунун негизи.

Мына ушундай шартта президент Садыр Жапаров өзүнөн мурункулардын баарын жалпы дасторконго чогултуп, тарыхый мааниге ээ кадамга барды. Чынында эле бул тарыхый окуя, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун сөзү менен айтканда, «Кылым карытар бир күн!» деген окуя болуп калды.

Бул элдин жогорку таламдарынын жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоонун негизинде ишке ашкандыгы бул жолугушуунун түздөн-түз катышуучусу катары мага ачык көрүнүп турат.

Муну менен, балким, өзүнөн мурункуларга болгон нааразычылыгын тынчытуу менен Садыр Жапаров өзүнүн саясий даанышмандыгын, адамдык берешендигин көрсөттү.

Албетте, мамлекеттүүлүктү чыңдоо, эл арасындагы биримдикти, ынтымакты бекемдөө өлкө президентинин түздөн-түз жана негизги конституциялык милдети. Бул милдетти иш жүзүндө толук ишке ашыра баштаганы кубандырат.

Жеке мен бул демилгени колдоп, Кыргызстандын бакубат келечеги үчүн, кыргыз коомундагы стабилдүүлүктү бекемдөө үчүн кесиптештеримди макул болууга жана колдоого чакырдым.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен дагы Кыргызстан калкын эл шайлаган президент Садыр Жапаровдун тегерегине биригип, учурдагы ыңгайлуу кырдаалдан пайдаланып, гүлдөгөн Кыргызстанды курууга экономикалык көтөрүлүш жасоого чакырам!», — деп жазган Акаев.

Аргумент.kg