
Ашхабадда белгилүү блогер өлтүрүлдү
12-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева4-октябрга караган түнү Ашхабадда белгилүү блогер жана стендап-аткаруучу Мухаммед Маммедов өлтүрүлдү. Бул тууралуу Turkmen.news басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, 30 жаштагы блогер досу менен түнкү саат экилерде үйүнө кайтып келатканда белгисиз кишилердин кол салуусуна кабылган. Алар блогерди катуу сабап, жанындагы досуна дээрлик тийген эмес.
Түркмөн шоу-бизнесинин аты-жөнүн айткысы келбеген өкүлү билдиргендей, окуя Ашхабаддын 11-кичи районунда, Маммедовдун үйүнө жакын жерде болгон. Кол салгандар аны катуу сабагандан кийин араң жан абалда үйүнө киргизип коюшкан. Эртеси анын сөөгүн атасы жана кичинекей баласы тапкан.
Мухаммет Маммедовдун сөөгү 6-октябрда өзү туулуп-өскөн Ахал облусунун Серах районунда жерге берилди.
Turkmen.news басылмасы өз булактарына таянып кабарлагандай, Маммедов бир ай мурда Түркиядан кайтып келген. Буга чейин блогерге кандайдыр бир коркутуулар болгону же кимдир бирөө менен жаңжалдашканы боюнча кабарланган эмес.
«Маркумдун кесиптештери менен социалдык түйүн колдонуучулары бул кайгылуу окуядагы бир нече түшүнүксүз жагдайларды белгилеп жатышат. Биринчиден, жөнөкөй бейбаштар же көчөдөн өтүп бараткан жарандар эле адамды катуу сабап, андан соң аны үйүнө жеткирип коёбу? Бул алардын Маммедовду күтүп туруп, атайылап сабаганын көрсөтүп турат. Экинчиден, Ашхабадда кадам сайын полициянын будкалары бар. Ал жакта полиция кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө турушат. Кантип эле алар адам өлүмү менен аяктаган бул окуяны байкабай калышты?», – деп жазды Turkmen.news.