Ырчы Асел Кадырбекова кырсыктан кийин бир топ сыноолорду башынан кечирип жатат. Баары бир кезде келген оор сыноону көтөрүү албетте оор, өзгөчө бакубат турмушу экиге бөлүнүп, кичинекей кызы менен жалгыз калуу аялзаты үчун эң чоң сокку эмеспи. Бул тууралуу ал инстаграм барачасына жазып чыкты

“ Азыр кимдин өзүнө ишеними кетип, келечегиниз тунгуюк болуп жаткан болсо.
Кайгырбаныз!
Карангы түндүн, агарган таңы бар!

Мен жакында эле, бир адамдан ушундай сөз уктум.
«Чөгүп жаткан кемеден баары жанын ойлоп, качып баштайт. Кемени эч ким ойлобойт» Пендечилик!
Аларга капа болуу, туура эмес. Убакыт келип, өздөрүнө жараша, аларда сыноодон өтүшөт.
Ошондуктан, өзүңүздү колго алып, «Эмнеге мен, башкалар эмес» дебениз!
Убагы келип, бул да суроонун жообун табасыз!»
Баары убактылуу!”-деп жазып аягына мага келген каттарга жооп жаздым деп аяктаган.