Асел Кадырбекова турак-жай кооперативине алданып калганы тууралуу айтты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ырчы Асел Кадырбекова жыл башында турак-жай кооперативдеринин бирине алданып калганын айткан. Бүгүнкү күндө ал маселе чечилбей келе жаткандыгы тууралуу Kaktus.kgге маек берген.

Айтымында, кооперативге чыгармачылыктагы таанышы аркылуу келген.

«Ал маселе дагы деле чечиле элек. Ушундай жомокторго көп ишенбөөгө чакырам. Себеби мен ушундай жомокко ишенип, кооперативдердин бирине чоң суммадагы акча берип койгом. Жыйынтыгында батирден жок же акчадан жок отурам. Азыркы тапта «мына чечилет» деген жоопторду угуп жатам. Элди ушундай нерселерден сак болууга чакырам. Чыгармачылыктагы эжем аябай жарнама кылгандан улам кооперативге кызыгып, сурагам. Ал эже «аябай укмуш» деген. Ошентип декабрда акчамды бердим, январда кооперативдин жетекчиси кармалды. Ошол бойдон жабылды», — деди ырчы.

Аргумент.kg