“Сиз күчтүүсүз. Кыйынчылыкта кантип сынган жоксуз? Сиз дем берүүчүмсүз. Сизди карап туруп мен да баарын жеңем деп ойлоном” деген каттар күн сайын айымдардан келип турат. Баарыңыздарга рахмат. Менин катталуучуларым мага өз тагдырларын жазып жөнөтүшөт. Көрсө аларда менден да татаал тагдыр бар экен. Окуп алып ыйлайм. Кантип болсун деп өзүмду жоошутам.
Бирок…

Менин жашоомдогунун жарымын гана билесиздер, көпчүлүгүн көкүрөгүмө катам. Кандай болгон күндө да баары жакшы болгондо деп куру кол отура бербөө керек. Ар бир аялзаты өзүн колго алып, күчтүү болушу керек. Сизди эч ким токтото албайт, сиз жакшы жашоого өзүңүз кадам ташташыңыз керек. Мен өзүмдү издөөдөмүн. Төгүлгөнүмдү толтуруп, чачылганымды чогултуп, кайрылган канатымды калыбына келтирип алуунун аракетиндемин. Убактысы келгенде сиз менен баарын бөлүшөм.  Азыр мен мурунку Асельди эмес жаңы жашоомду издеп келем.