Саясат

Асейин Саралаев: Атамбаевдин аты тарыхтан өчүрүлсүн!

Мындай пикирин журналист Асейин Саралаев жеке фейсбук баракчасына жазды:
Бул эми эмне деген айбандык?! Бул эмне деген иттик? Качантан бери мамлекеттик органдын ички тартибин бир ууч трайбалисттер менен Алмаздын жугундусуна семиргендер билип калды эле? Атамбаевдин чуулгандуу трайбалисттери айтылуу генерал-лейтенант Жаныбек Бакиев агабыздын сүрөтүн көрүп алышып, адвокаты төш болуп журналисттери көчүк болуп, баштарына кара жоолук салынып алышып кошок кошуп, беттерин тытып боздоп атышып жөн гана «жетекчи болгон» деп илинген сүрөттү алдырып тынышыптыр!!! Жаныбек Бакиевдин аталган мекемени башкарып турганын качанкыга чейин өчүрөт экенсиңер көрөбүз?!
Эмне ушинтип эле бир ууч бузукулар чурулдап, ыштандарынын ичиндеги чачтарын жулмалап ыйлап коюшса эле тарыхтын бетин айрып ыргытасыңарбы? Тарыхтан адамдын атын өчүрөсүңөрбү? Бир инсандын мамлекет үчүн жасаган ак эмгегин тебелейсиңерби? Жаныбек Бакиевдин сүрөтүн жоготкула деп ажылдап аткандар эмнеге тарп менен багып аткан кожоюнуңарды кошо айткан жоксуңар?
Анда ошол кожоюнуңар Атамбаевдин дагы бүт жактан АТЫ ӨЧҮРҮЛСҮН!!! Ал экс-президент наамынан ажыратылып соттолгон жана кара башында өмүр бою кесиле турган кылмыш иштери гүлдөп турат. Кыргызстандын Президенти болгон деген маалыматты бүт интернет тармагынан өчүртөлү! Тарых беттеринде да изи калбасын! Өлкөнү 2011-2017-жылдары «Элдин канын төгүп келген төңкөрүшчүлөр башкарып азапка салган» деп жазылып Отунбаевадан кийин Жээнбековдун аты жазылсын! Википедия баш болгон дүйнөлүк сайттардан оңдотуп чыгалы!!!
Менин таңкалганым генерал-лейтенант Жаныбек Бакиевдин сүрөтүнөн эле ушунча коркуп атасыңар, өзү келсе тезегиңер оозуңардан атып чыгып, жүрөгүңөр жарылып, өз кан-жиниңерге какап өлөсүңөр го?
Бул жерден дайыма бир суроо туулат. ЭМНЕ ҮЧҮН БАКИЕВДЕРДЕН АЯБАЙ КОРКУШАТ? ЭМНЕ ҮЧҮН?
Менимче эл билбеген, көптөгөн былык иштердин, анын ичинде 2010-жылдагы апрель-июнь окуялары, миллиондогон долларлардын уурдалышы, буйрутма адам өлтүрүүлөрдүн жандырмагы толуп турган ЧОҢ КЫЛМЫШТЫН сандыгы жашырылып жаткандай. Эгер ал кылмыштын сандыгы ачылса Атамбаевдин жана Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн көбүнүн башы кетчүдөй. Анан ошол жашырылган кылмыштардын сандыгы Бакиевдер келсе ачылмак окшойт…Ошондуктан булар Эл башчысы Курманбек Бакиевди да, иниси Жаныбек Бакиевди да өлкөгө жолоткулары келбейт! Бакиевдин бир туугандарынан жана алардын балдарынан бери коркушат! Анткени чындык БАКИЕВДЕРДЕ экенин билишет!!!
Эми эмне дейин… Силер бир тактайдан генерал-лейтенант Жаныбек Бакиевдин сүрөтүн өчүрткөнүңөр менен, жалпы элдин жүрөгүнөн жана тарых беттеринен өчүрө албайсыңар! Силер алдагынтип генералды каралап отурганда, Кыргызстандын бардык бурчтарында генералдын кадыры күндөн-күнгө көтөрүлүп жатканын билбейсиңер! Бакиевдер келип адилеттик орносун деген эл көп экенин билбейсиңер! Эгер кечээ биз сөз кылган Президенттин иниси, генералдын уулу Асылбек Салиев бир партия түзүп же бир мандаттуу округдан депутаттыкка аттанса 90-100% менен утуп чыгаарын билбейсиңер… Генерал-лейтенант Жаныбек Бакиевге кыргыздын эмес Борбордук Азиянын 100 генералы дагы тең келбешин билбейсиңер!
Аа шордуулар десе! Бир сүрөттөн ушунча корктуңар!!!
Кудай буюрса Жаныбек Бакиев агабыз генерал-полковник жана армия генералы болчу күндөр да келет. Ал кишинин сыймыктуу аты Эл башчысы Курманбек агабыздын атындай эле окуу китептерине да жазылып, келечек муунга үлгү катары айтылган күндөр да келет… Ошол күндөрдү көрсөңөр экен…

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *