Саясат

Артында толтура былыгы бар Канат Исаев кайрадан шайлоого аттанды

Кылмыштуу дүйнө өкүлдөрүнүн бийликке келгенине Канат Кедейканович Исаевдин баскан жолун карап туруп ынанасың.
Канаттын саясий карьерасына үңүлсөк тээ артта калган 2008-жыл көзгө тартылат. Анда ал Токмок шаарына мэр эле. Мамлекеттик муниципалдык жерди жеке компаниянын ээлигине берип жиберген, албетте Какең бекер бербейт дечи. Мына ошентип анын саясий бейнеси ачыла берди. Андан соң Көк Бөрү федерациясына башкы катчы боло коюп, оюнду казактардын эрежеси менен ойнойбуз деген документке кол коюп берип далай ызы чуу болдук. Ал жерде деле Канат Исаев жеке кызыкчылыгы үчүн ошол ишке барды да.
«Кыргызстан» партиясы аркылуу кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүн парламентке алып келип алып канча бейпайга салды алары бизди.
Анын бул кыргыз мамлекетине көзү түз эмес экендигине дагы бир далил, ал Бабанов менен кол кармашып, биригип бийликти күч менен басып алууга план кылган. Ошончо кеп сөз болуп жаткандан кийин ал иште чындыктын үлүшү бар. Шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт эмеспи.
Бабанов экөөнүн тилектеш болуп калгандарына таң калбай деле койсок болот. Бабанов президенттик шайлоого катышуу үчүн Казакстандын президентинен барып бата сураган саткын. Анысы аз келгенсип Оштун Он-Адырында өзбек диаспорасынын алдында улуттар аралык кастыкты козуткан сөздөрдү сүйлөгөн.
Канат Исаев деле балким акча үчүн казак саясатчыларынын айтканын аткарган жетим жүгүрүк бирөөдүр. Экөөнүн кожоюндары да, максаттары да төп келип жатпайбы.
Эми дагы тагдыр чечилер мезгил келди. Урматтуу кыргыз элим алдырар күнү жаздырар болуп ушуга окшогондорду шайлап албагыла. Үй бүлөсү менен, катын бала чакасы менен аттаныптыр шайлоого…

Касымбек Жумаев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *