Коом

«Артында 2 баласы калды». Денеси Нарын дарыясынын жээгинен табылган адамдын аты-жөнү такталды

ӨКМ 13-октябрь күнү саат 18:50дө Нарын дарыясынын жээгинде белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгын билдирген. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нарын ОИИБден маркумдун аты-жөнү такталганын билдиришти.

«Жансыз денени аныктоо боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, жакын туугандары чакыртылып, ал Нарын районунун 1982-жылы туулган тургуну экени аныкталды. Маркум 2021-жылдын 30-июнь күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп, изделип жаткан. Бүгүнкү күндө тергөө иштери уланууда. Маркум үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы болчу», — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *