Арстан Талгарбеков: Аскар Акаев Россияда “2021-жылдын эң мыкты окумуштуусу” наамына татыды

17-декабрда, Аскар Акаев мекенинде жүргөндө, Россиядан сенсациялуу кабар келди. Бул өлкөнүн академиктери Аскар Акаевди «Россиянын 2021-жылдагы эң мыкты окумуштуусу» деп добуш беришип, ага илимдеги зор жетишкендиктери үчүн «I-даражадагы Ломоносов сыйлыгын» ыйгарышты. Айта кетсек, бул сыйлыкты 1943-жылы Сталин бекиткен жана ар жылы илимге өзгөчө ири салым кошкон бир окумуштууга ыйгарылат. Россиянын академиктери Аскар Акаевдин «татаал системаларды математикалык моделдештирүү» боюнча илимий эмгектерин жогору баалашкан. Жаңы Россиянын тарыхында мындай сыйлыкка Орто Азиядан биринчи болуп Аскар Акаев татыктуу боло алды.

Add your comment

Your email address will not be published.