Арстан Алайга айып пул салынды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Арстанбек Абдылдаевге (Арстан Алай) унаа айдап бара жатканда коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда Арстан Алайдын унааны коопсуздук курун тагынбай айдап бара жаткандагы видеосу тараган. Бул видеодон кийин кайгуул кызматкерлери эреже бузуу боюнча протокол түзүшкөн. Буга чейин социалдык тармактарда велосипедчен жаран унаа айдап бара жаткан Арстан Алайга «Кыш болбойбу? Болот, болгондо дагы кандай болот», — деп айткан видеосу тараган.

Аргумент.kg