Саясат

Арстан Алай: «Улуулукка өстүрбөгөн бийлик көпкө жашабайт, биз ушуну унутпасак»

— Арстан иним, бу жолку парламенттик шайлоо тынч өтөбү?
— Сандаган депуттардын ишине, сөзүнө караганда, Жаңы Кудайдын сөзү, иши артык. Ким президент, ким депутат болуп келбесин, жердик мыйзам ажал, азап гана алып келет. Жаңы Кудайдын мыйзамы мыйзам болот. Шайлоо — энергия, убакыт, акча коротуу.

— Бийлик өзүнүн партиясын бу жолку парламенттик шайлоого койбойт деп жатышат, сиз ушуга ишенесизби?

— Бу жерде бийликтин партиясы да бир тыйын.

— Учурда өзүнүз эмне менен алексиз?

— Мен Кудайлык кызматымды аткарып, дөөгүрсүнгөн бай мамлекеттерге, бай, бий, окмуштуу, диндерге кишен салып, табият аркылуу вирусту куюн, булут аркылуу жазалап жатам. Жаачылар жамгыр жаадыргандай.

Жыйынтык чыкпаган бийликтин, парламенттин эч пайдасы жок. Элди улуулукка калыптандырбаса, кырсык, оору, кыйынчылык гана алып келет. Улуулукка өстүрбөгөн бийлик көпкө жашабайт. Биз ушуну унутпасак.

Булак: Азия News гезити

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *