Арстан Алай: “Мен президент болмоюнча оңолбойсуңар!”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Арстан иним, азыркы жүрүп жаткан саясатка кандай ой айтат элең?

— Кыргыз эли азыр каатчылыкта. Анын ичинде саясат, духовный, маданият, медицина, дин – баары кризисте. Эң башкысы, кыргызды улуулукка калыптандырбагандыгы үчүн эмоцияда жашап, эри аялын өлтүрүп коюп атат. Саясатка карап эл эмоцияда болуп, шишик, жара, псих, рак сыяктуу айыкпас дарттарга кабылууда. Билим деңгээлибиз болбогондуктан, бизге жат ар кандай диний агымдарга кирип атышат. Андан деле агарып-көгөрүп кетпей, тескерисинче, кыйроонун үстүндөбүз. Демек, медицина, дин, саясат, депутат деле каатчылыкка тушугууда. Ошол эле Япония, Корея кантип эчтекеси жок көтөрүлүптүр? Алардын билим деңгээли, аң-сезими бийик болгондуктан, коррупция, каатчылык да жок. Алар өзүн карап, улуу экенине, доор талабы өзгөргөнүнө басым жасап атышпайбы. Тилекке каршы, бизде мындай эволюция болбой жатат. “Эскиче эле башка чаап, коркутуп, мокотуп башкарганга өттүкпү?” деп ааламдан берилүүдө. Себеби, кыргыздын көктөн берилген буйругу көп. Бийлик кыргыз жолун билбей, бөлөк элдей эсептеп башкарам десе, ээлик кылып узай албайт. Учурдагы каатчылыкта 1-2 миллион элди камап коюу мүмкүн эмес.

— Жазында эмне болот?

— Кыргыз жерине нур төгүлдү. Жерин сатканга, башка элге ээлик кылганга болбойт. Себеби, жердин ээлери чарпып коёт, оор жоготууларды күтө берсек болот. Керек болсо мамлекет жоголуу коркунучунда турабы? (Жерге тийешелүүсүн айтып атам). Ал эми элди болсо эпчилдик кылып, эбин таап өстүрүп кетпесек, жазда бук болуп, чатак чыкпайбы? Каалайбызбы-каалабайбызбы, баары бир топтордун козголушун көрүп атам. Революция кылган менен эволюция кылбасак, баягы эле бирин-бири кубалашмай башталабы? Бул биз тандаган жол кыргызды куткаруу эмес. Азыр бизге багыт берчү башчы адамга муктажбыз. Ушу бойдон кете берсек, бир күнү жара бышып жетилип, жарылат. Бирок, кыргыз ушу күндү көрүш керек эле, куткаруу үчүн канча аракет кылып, ааламдын өкүлү катары президенттикке чейин талапкер катары чыктым, түшүнбөй койдуңар. Адам караны көрмөйүнчө акка баа бербейт, бул – буйрук! Мен президент болмоюнча оңолбойсуңар!

Сурат Жылкычиев 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg