Ардак: Кайненем көзүн кысып мага тийише берет

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсыздарбы? Жашым жыйырма сегизде. Үйлөнгөнүмө үч жылга жакындап калды. Үч жылдан бери бала жытына зар болуп жашап келем.

Кайын энем жалгыз бой аял. Жашы элүүгө таяп калган. Ошентсе да өзүн жаш селкидей сыланып-сыйпанып карап жүрөт. Мүчө-боюу жаш кыздардыкындай эле келбеттүү.

Кайын энемди жаш жигиттер кызыктыраарын билем. Мага көп ирет көзүн кысып, тилин тиштеп, эринин жалап, далы-белимен сылап тийишет. Кээде “Күйөө балам мыкты да” деп эркелетимиш этип, оймоктой оозун чормойто жүзүмөн өөп жиберет. Ошол кезде денем дүүлүгө түшүп, өзүмдү ыңгайсыз сезип кетем. Кайын энемдин бул кылыгын кантип токтото алам? Чынында ага катуу да сүйлөй албайт экенсиң…

Ардак, Бишкек шаары.

Булак: Zobolo

Аргумент.kg