Ар бир бойжеткен кыз билиш керек болгон сулуулук сырлары…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

1. Дарыканадан Е витамининин майлуу эритиндисин (капсула түрүндө) сатып алыңыз. Аны бетке укалап сүйкөп, 30 мүнөттөн кийин жумуртка сарысын сүйкөңүз. 30 мүнөттүн ичинде териге толугу менен сиңиш керек. Убакыт өткөндөн кийин муздак суу менен жууп таштаңыз. Бул ыкма беттеги безеткини кетирип, майда тешиктерди тазалоого жардам берет. Ар дайым жасап турсаңыз, бет териси жылырап, жумшара баштайт.
2. Бетти тазалап, кат-кат болууну кетирүү үчүн соданы 3 пайыздык суутек кычкылы менен аралаштырасыз. Бетке укалап сүйкөйсүз.
3. Түктөрдөн кутулуу үчүн 2 аш кашык кофе тунмасы менен 1 чай кашык сода аралаштырыңыз. Аралашманы териге сүйкөңүз. Бир жуманын ичинде түктөр азая баштайт.
4. Кырынууга арналган кремдин ордуна балдарга арналган майды колдонгон жакшы. Себеби буттагы тери бузулуп, кыжырдантпайт.
5. Бутка арналган сраб даярдоо үчун зайтун майы, бал менен кант (1:1 өлчөмүндө) аралаштырып жасаңыз.
6. Шампунуңузга сода кошуп, башыңызды адаттагыдай жууңуз. Натыйжасында чачыңыз жеңилдеп, көлөмдүү боло түшөт.
БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg