Апамдын арак ичкени айламды кетирүүдө

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Менин апам үч жылдан  бери ичкилик ичет. Өзү таптакыр токтото албайт. Ооруканага жаткырып араң айыктырам. Бир айдан кийин кайра ичип, көчөдөгү алкаш, селсаяктар менен тентип жоголуп кетет. Күйөөмдүн алдында сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болуп бүттүм. Бир нерсе болсо эле “сенин апаң” деп баштайт. Эми ооруканага жаткырсам, чыгары менен кайра ичип алыптыр. Эмне кыларымды билбей, боздоп ыйладым. Атам жок, туугандарына болсо баары бир. Ушунтип ичкендер оңолобу? Кантип дарылатсам болот?   Молдолордон жардам болбоду…

 

Жылдыз  «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg