Мен да бир сырым менен бөлүшөйүн дедим эле. Менин ата-энем төрөлө элегимде эле ажырашып кетишкен. Мен төрөлгөндө 1жашымда апам мени тайатамдыкына калтырып Москвага кеткен. Кийинчерээк 6,7жашымда мени да Москвага алып барды. Баардык жаман нерсе ушул жерден башталган. Мен барганда апамды бир түрк жигит тосуп чыкты. Мен аны дос баласы же таанышы деп ойлодум. Көрсө ал апамдын ойношу экен. Барганда мага башка төшөк салып беришти да экөө бир жатып алышты. Калганын элестете бериңиздер, мен ал жерде бир жыл чогу жүрдүм. Түрк ойношу болсо арак ичип келип сабайт эле,мен апа бул жерден кетеличи десем да болбой ошол зөөкүрдөн токмок жейт эле. Мен да кээде келтек жечүмүн. Ошентип бир жыл өтүп кайра тайатамдыкына келдим. Азыр мен турмуш курганмын 2 балам бар, күйөөм аябай жакшы. Апам өткөндө Москвадан келди. Дагы деле эркектер менен сүйлөшөт экен. Телефонуна смс келди апам эшикке чыгып кетти эле ,алып карасам бир бала “жаным качан келесин сени сагындым жаткым келип жатат”-деп жазыптыр. Жазышкандарын көрүп баштадым жыланач түшкөн сүрөттөрү аябай көп экен. Ал эркектин аялы бала чакалары да бар экен алар Кыргызстанда жашашат . Кеңеш бериниздерчи апамды кантип туура жолго салсам болот? Айтыныздарчы сураныч?