Апамдын «сен кыз эмессиң, катынсын» дегени катуу тийип атат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсызбы сураныч чыгарып коюңузчу менин жазганымды.Менин жашым 16 да ата-энем менен мамилем өтө начар мага аябай жаман мамиле жасашат. Үйдө апам келиндей кылып бир аз отура калсам эле каргап айтпаган сөздү айтат намысыма тийип. 2,3 жыл мурун жаман сөздөрдү айтса көңүлүмө деле алчу эмесмин да. Азыр өлүп жок болуп кетким келет же качып кетип калгым келет. Атам эч жерде иштебейт күндө мас болуп келип уйку бербей мага асылат тилдеп сөгүп кол көтөрүп. Мен акыркы күндөрү чыдай албай калдым. Апам мени мектепте концерттерге катышып барсам же топ ойноп жүрүп калсам ар ким менен жатасын сен катынсын деп башка кыздарды айтып басынтып каргайт. Үйдө ушундай мамиле кылгандарына иш дагы кылгым келбейт кыздарга да кошулгум келбейт. Эмне кылсам болот окууну дагы 1 жылдан кийин бүтүп шаарга кетем эптеп чыдап турсам. Мени эч ким түшүнбөйт кээде өзүмө дагы көңүл бургум келбей көп нервтенем. Баарынанда апамын күнүгө сен таза Кыз эмессиң катынсын дегени катуу тийип атат. Эч ким жокто көп ыйлап аябай жалгызсырайм

Аргумент.kg