
«Апам «мен турганда ыйлаба» деген.» ЖРТдан өтпөй калган окуучунун баяны
22-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваУйго баргым келген эмес
99 упай алыпмын. Шокмун деп койгула. Классташтарыма кудай берди. Шылдыңдап күлүштү. Мугалимим дагы бир жылмайды. Жок дегенде 100 же 95 болсо кана дедим. Үйгө сертификатымды көтөрүп баргым келген жок. Ичим аябай жаман болду. Азыр жеңил айтып жатам. Ошондогу сезимимди 99 алгандар гана түшүнөт. Апам чалды. Кайда жүргөнүмдү сурап, канча алганымды кошумчалай кетти. 99 деп туруп коюп койдум. Албетте, айла жок үйгө барасың. Апам унчуккан жок. Атам дагы. Жакшысы урушуп коюшса жеңилдемекмин. Бирок, окууга өттүм. Азыр гана ЖРТ жөн гана экзамен экенин, бирөө утат, бирөө утулат экенин түшүндүм. Болгону мен билген маалыматтар тестте келген жок. 99 алсаңар капа болбогула.
Апама рахмат
ЖРТ жыйынтыгын билип аябай капа болгом. Ыйлагам. Анткени, бюджетке тапшырып, кызыл диплом алгым келген. Үйдөн чыкпай жатып алдым. Ошондо апам «мен турганда ыйлаба» деп айтты. Контрактка тапшырдым. Бирок, тытынып окуп, кызыл диплом менен аяктадым. Азыр эстеп күлөм. Аз упай алдым, болду жашоом бүттү деп ойлогом. ЖРТдан ары деле жашоо бар экен. Болгону бир жерде токтоп тыгылып тура бербегиле. Анан апама рахмат. Ал урушса чөгүп кетмекмин.
» Олдум» деген ой келген
Сөгүндүм. Мугалим эже урушту. Сыртка чыгып кеттим. «Өлдүм!» деген ой келди. Атаман корктум. Апаман корктум. Досторум жанымда болушту. Колдоп баары жакшы болорун айтышты. А мен университетке өтпөйм дедим. Баары окуп жүрсө калып калчудай болдум. Жакшынакай эле болуп өтүп, экинчи курсту бүтүрдүм.
Булак: Аргумент кж