Шоубизнес

Анжелика: Мурунку депутаттар, уялганыңардан кайра шайлоого барбай эле койгулачы!

Ырчы Анжелика саясатка аралашпай турганын билдирди. Бул тууралуу ал жеке Инстаграм баракчасы аркылуу билдирди

“Жакындарым, күндө сиздер менен ой-пикирим менен бөлүшөм, кээде даттанам, кээде акылдашам. Бүгүнкү таң өзгөчө атты. Себеби, көптөгөн, акыл калчоолордон соң, бир чечимге келдим. “Саясий жол бул мекини эмес. Мен элдин көйгөйү менен саясаты жок чуркап иштейм. Андан көрө саламаттыкты сактоо, маданият, билим берүү, спорт жаатында активдүү волонтёр болом. Шайлоого аттанып жаткан 7 партия менен жолуктум. Алардын үчөөсү мени “100% депутат болосуң, алдыңкы каалаган санды танда” деп, сый көрсөтүштү. Баалайм, алкыш айтам. Бирок, бири дагы мен уккум келген сөздөрдү айта албады. “Эл үчүн” деп сөз баштай албады. Мурунку депутаттар, уялганыңардан кайра шайлоого барбай эле койгулачы! Суранам! Бирөөң дагы эл менен жолугушууларды 6, 10, 5 жыл аралыгында шайлоо бүткөндөн соң жасабадыңар! 20 жылдан бери агитацияларда ырдап жкруп, элге берген анттарыңарды жатка билем! Элге жалдырап келип, кайра керсейесиңер! Элдин маселесин чечүү үчүн барып, байлыктары менен жарышып акыйнек айтышат! Жүзүнөн тааныбагандар кээде болбогон темаларды сунуштап, иштеп жаткан кебете түзүп коюшат. Деги карапайым элдин маселесин чечкендерин көрбөдүм. Кооз сүйлөп, кооз жашоого умтулгандардын заманы качан бүтөт? Эл өзүнө өзү кам көрүп келет. Кичи бизнестер эптеп дан багууда! Аларды колдогон эч ким жок! Кичи бизнестер элге жумуш берип, экономикага көп каражат алып келет! Бүгүн элде мотивация жок! Эптеп сүйрөлүп кыймылдап жатышат. Кара булут каптагандай эле каардуу кабактар менен шайлоого аттангандарды көрүп, кимиси кыйын? Эмнеси менен кыйын? деп карап, башымды мыкчып отурам. Ажобуздун иши алдыга кетиши үчүн ага ушакчы, кошоматчылар эмес, кыргыз кыйналганда күчкө толгон, билимдүү, өжөр, пандемиянын баатырлары, жаш муун керек! Сатылба элим! Бөлүнбө элим! Акчасыз шайлоого барып, добуш бер! Бийик бол! Сатылбагандарды танда! Алардын катарында жүрөгүң менен бол! Таза шайлоо болсун десең, өзүң таза бол!”, – делет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *