Анжелика дарылануу үчүн алыскы өлкөгө кетип жатканын айтты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ырчы Анжелика ден соолугун калыбына келтирүү үчүн алыска кетерин, бирок шайлоо күнү келип, өз добушун берерин айтат:
“Буюрса, баары жакшы болуш керек! Эртеңдерден даарыланууга алыска кетип жатам. Бирок, 4-октябрь шайлоого келип калам. Милдеттүү түрдө өз добушумду – өзүмдүн тандаган партияма берем. Мени азыр ден соолугум эмес, өлкөбүздүн тагдыры көбүрөөк ойлондуруп жатат.
Канчалаган карызга мамлекетибиз дагы батат? Балдарыбыз кантип төлөйт? Биз картайганда кандай колдоо өлкөбүздөн күтөбүз? Эмне деген жашоо күтүп жатат? Англия, Улуу Британия, Япония – ажосу жок жашагандай эле бир эле премьер-министр же өкмөт башчысы менен жашасак болот беле? Негизи эле 10-15 депутатты тандап жашасак го? Министрликтердин ар бир тармагы так иштеп, элдин көйгөйүн чечсе жетишмек!
Депутаттар эл адамы деп аталып, жаңы закондорду чыгарышат. Анан – беш жылда бир элге кайрылып, өкүлдөрү аркылуу кээ бирлерди кыйнап, зордоп, пара сунуштап, бири-бирин жамандап, көчөлөргө беттерин илип аран элге өзүлөрүн таанытышат”.

Аргумент.kg