Саясат

Анарбек Усупбаев: “Куранда кумар оюну менен арак ичүү арам эмес!”

— Анарбек ага, сиз кыргыздын алмустактан келаткан каада-салты, үрп- адатын жакшы билген адамдардын бирисиз. Ата-бабаларда кумар оюну болгонбу?
— Кыргыздын салтында кумар оюну деген түшүнүк болгон эмес. Кумар оюну биздин элге араб дин таратуучулар тарабынан келген. Алар билимдүү болушуп, Куран китебиндеги сүрөөлөргө таянып арак менен кумар оюнунда көп күнөө бар, бирок бир аз пайдасы да бар дешип, жадагалса кыргыздарга үйрөтүшкөнү боюнча көп тарыхий далилдер бар. Демек, Куранда 4 сүрөө бар, кумар оюну менен арак ичимдигине каршы эмес деген. Азыркы ашкере дин тутарлар китеп окубайт. Чала молдо дин бузарлардын айтканын угуг эле түркөйлүк кылып атышат Анысы аз келгенсип, ашкере динчилдердин 90 пайызы өзүнөн-өзү ажы болуп алган. Момун мусулмандар өздөрүнүн маңдай тер менен иштеп тапкандарын үй-бүлөсүн багуу үчүн жумшайт. Алар эч качан кумар оюндарына барбайт. Жанагы арабдардын арам акчасына маарып, көзүн май баскан чала молдолор гана кумар оюндарына барышат.
— Азыр казино ачуу маселеси коомчулукта кызуу талкуу жаратып, бирөөлөр керек десе, бирөөлөр кереги жок деп атышат. Сиздин ойду угалы
дедик эле?
— Ансыз деле жашыруун казинолор бар, ал жакта бекинип алып ойноп атышат. Казинонун ээлери мамлекетке салык төлөгөн жок. Ошон үчүн Кыргызстандын ар бир облусуна ачат дегенге кошулбайм, колдобойм. Мүмкүн түштүк жергесине бирди ачса болот. Анкени, ал жакта акча көп. Наркотрафик да ошол жактан башталып, андан түшкөн каражаттан мамлекетке салык төлөнбөйт. Андан көрө казино ачып, мамлекетке пайда келтирген жагын ойлоштурса болот.
— А Ысык-Көлгөчү?
– Каршы эмесмин. Тамчыга ачып койсо болот. Сырттан келген туристтер, биздеги колунда барлар жайкысын чет мамлекетке кетип калгандан көрө көлдө эс алып, казино ойношсун. Дагы да айтайын, казино ээси мамлекетке салык төлөсүн!
— Апийим айдаса эмне болот?
— Буга да каршы эмесмин. Ансыз деле Афганистандан биз аркылуу өтүп атпайбы. Апийимди мыйзамдаштырып туруп, анан тигип, мамлекет тарабынан колго алып, фармацевтикалык, дарыч ылык жагын өздөштүрүп, өндүрүшкө айлантса болот Жергиликтүү элге жумуш орундары ачылмак. СССР тушунда андайлар болгон да.
— Орозо маалында кээ бир дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин саттырбай атышат, ушу туурабы?
— Бул эми болбогон кеп. Жөн эле тыйтаңдап атышат, муну токтотуш керек. Ичкендер ичет, ар ким өзү билет. Жанындагы дүкөндөн алып атышпайбы. Менин оюмча, ошо дүкөндүн ээси ашкере динчил же чала молдо болгон чыгар. Биздин ата-бабалар XI кылымда шариятка “арак ичкен болбойт” деп жазышкан. Анткени, ошол кездеги кол алдындагы кулдар ичип алып, ашыкча тартип бузушкан. Ушундай жагымсыз жагдайды токтотуу амалында жазылып калган. А Куранда керек болсо аракты эмнеден жасоо керектигинен өйдө жазылган сүрөөлөр бар. Мухаммед пайгамбар элге кайрылып, “аракты ыгы жок иче бересиңерби, токтотпойсуңарбы?” деп суранган, запрет берген эмес.
— Ушул эле орозо маалында үймө-үй кыдырып, “мечитке баргыла, Алла ыраазы болсун!” дегендер көбөйдү…
— Сурат иним, сен жанагы самтырак кийинип алып даават айткандарды, динге үндөгөн билимсиздерди айтып атасың. Ошол самтырактардан ошол эле Курандын сүрөөлөрүнөн аны-муну сурасаң нөл, жаның кашаят! Билимдери тайкы. Эч нерсе билбейт. Болгону “намазга жыгылыңыз, орозо кармаңыз, Алла ыраазы болсун” дегенден башканы ооз ачпайт.
— “Билимсиз” деп атасыз. Бизде анткен менен медреселер бар. Мектеп жашындагылар окуп атканынан кабарыбыз бар. Аны кантебиз?
— Мыйзам бар: “18 жаштан кийин ар ким өзү тандаган динди кабыл алат” деп А бизде эмчек сүтү оозунан кете элек, дин жөнүндө дүйнөтаанымы жок 7-8 жаштагы кыздар хиджап, балдар юбка кийип, медреселерге барып атышат. Чынын айтсам, медресе дегендерди жабыш керек, мен ушинтип эле айтам! Мамлекет 18 жашка чейин балдарды медресеге жибербей турган мыйзамын күчөтсүн. 18 жаштан кийин билген богун жей берсин.
— Мектептерге “Ыйман сабагы” кирсин дегенге кандай карайсыз?
— Буга да каршымын. Себеби, “Ыйман сабагы” деп алып, капкаяктагы арабизацияны окутат имиш. Андай болбойт. Андан көрө биздин ата-бабалардын каада-салтын, үрп-адатын үйрөтсүн, ага каршы эмесмин.
— Мектеп жашындагы кичинекей кыздар хидеп чүмбөттөнүп алышты, жоолук салынып…
— Кыргыздын салтында “турмушка чыга элек кыз чачтарын кырк өрүм кылып тал-талдап өрүшкөн. Үкү тебетей же такыя кийишкен. Турмушка чыккан кыз гана биринчи жолу жоолук салынган” деп айтылып жүрөт. Мен ушул жагын туура көрөм. Жанагы капкара жоолукту чүмбөттөнүп алгандарды “жаман жышаандын жарчысы” деп гана сыпаттайм…
Сурат Жылкычиев “Азия Ньюс” гезити

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *