Америкадан Келдибековдун элчиликке жарабай турганы тууралуу расмий кат келиптир

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саясатчы, бир кезде мамлекетттик кызматкер, болгондо да “майлуу-сүттүү” делген салык кызматын, соцфондду мыкчып турган Ахматбек Келдибеков акыркы күндөрү өзүн Америкага элчи болуудан баш тартты деп “айга-күнгө теңетип мактаттырып” жаткан кербези. Эми анын “элчилик кызматтан баш тартканы” тууралуу легенданын кандайча жаралганын бул окуяны ичинен билген өтө ишенимдүү булактарымдын маалыматтарына таянып айтып берейин.

Ахматбек Келдибековдун Америка Кошмо Штаттарына Кыргызстандын атынан элчи катары талапкерлигин жактыруу боюнча дипломатиялык каналдар аркылуу “агреман” же жөнөкөй айтканда америка тараптын макулдугун алуу үчүн расмий кат жөнөтүлөт.

Бирок, америкалык тарап “Ушундан башка талапкер жок беле, бул Кыргызстандагы эң чириген коррупционер, Магнитский тизмесине кирген Райым Матраимов жана ошондой эле Магнитский тизмесине кирген кылмыштуу чөйрөнүн лидери Камчы Көлбаев менен тыгыз байланышы бар. Башка талапкер эле бергилечи” деген жооп келет.

Ошондой эле болбосо баш тартылары, башкача айтканда “агреман” берилбеси эскертилет. Айткандай эле, жакында Америкадан Ахмат Келдибековдун элчиликке жарабай турганы тууралуу расмий кат келген.

Эми Ахматбек Келдибеков айлакерлик кылып “өзү баш тартты” деген жомогун токуп таратып жаткан чагы.

Аргумент.kg