Amazon компаниясынан баш тарткан Насыйкат Швейцариянын аба майданын багытты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Үй-бүлөнү сактоо ыйык экенин бир гана кыргыз кыздары баарынан жогору кое турганын тастыктап келишет. Ошондой бүлөнүн кызыкчылыгын жогору коюп, атактуу Amazon компаниясынын сунушунан баш тарткан Насыйкат Тынаеванын ийгиликке карай басып өткөн жолун сиздер менен бөлүшмөкчүбүз.

Балалык көз ирмемдер
Бала чагым Бишкек шаарында өттү. Үйдө жалгыз кыз болгондуктан атам менен апам мени эркин чоңойтушту. Атам экономист, апам орус тил сабагынан мугалим болуп иштечү. Алар менин билим алуума баардык шартты түзүп беришти. Сабактан кийин тил курстарына барат элем. Алардын бири QBasic аталыштагы программалоо тил курсу болду. Ал жерде чет тилди үйрөнүп тим болбой логикалык ар кандай оюндарды ойночубуз. Ал жерден компьютердин проггаммалоону да үйрөнүп чыккам. Кийин БААУга тапшырып,  Software Engineer багытында окуп калдым. Окуумду аяктагандан кийин магистратурага тапшырып, грантка илинбей калдым. Кийин Нидерландиядагы Delft University of Technology аталыштагы окуу жайга жана Швейцариядагы Swiss Federal Institute of Technology of Lausanne окуу жайына тапшырдым.  Ал ортодо жергиликтүү мекемелердин биринде программист болуп иштеп, окуумду шайкеш алып тажрыйба жыйнадым.

                        Салам Москва мен келдим

Окууну аяктап,  магистратурага өтпөй калгандан кийин мен деле мекендештерим сыяктуу Москваны багындыргым келди. Бирок эмнеден баштарымды билбей , кеңеш алар кишим да болгон жок. Кадимки кинодогудай эле интернет аркылуу бейтааныш бирөө аркылуу  өмүрү көрбөгөн шаардан батирди ижарага сүйлөшүп, билетти алып, эки көйнөгүмдү кичинекей чемоданга салып учуп кеттим. Салам Москва! Мен элестеткен Москва мени таптакыр башка нукта тосуп алды. Бир батирде ар түрдүү адамдар менен чогуу жашоо бир топ кыйынчылыкты жаратты. Мага кыйынчылыктарды жеңүүгө жумушум дем берип турду. Ал жакта мен өзүм сүйгөн программист болуп эмгектендим.  Көпчүлүк адамдардын ар түрдүү мамилесинен улам өз мекениме кайтып келдим.

            Кайрадан окууга болгон көксөөм күчөп…

Тез эле Бүткүл Дүйнөлүк банктын долбоорлору менен иштешип, ал жерде эки жылдай эмгектендим. Бул жылдар аралыгында менин жан дүйнөм сыртка чыгып келүүнү эңсеп туруп алды. Дагы бир жолу аракет кылып окуу жайларга тапшырып көрүүнү чечтим. Бул жолу Европа мамлекеттеринин окуу жайларына тапшырып, БУУдан Венага жолдомо алдым.

                          Венага сапар

Жолдомо колума тийгенден кийин бул жолу акыл калчап, ал жактагы долбоордун үстүндө иштеген команданын бир курамы болуп  Венага учтум.  Жумушумдагы эмне иш кыла турганымдын баары менен кабардар болгонго андан кыйналган жокмун. Баягы эле батир көйгөйү болду. Мени менен түзүлгөн келишим 3 айга гана созулат эле. Ал жакта батирди узак убакытка ижарага алгандыктан эң аз бир жыл болуп эсептелинет экен. Бир жарым жылдай airbnb деп аталган батирлерде жашадым. БУУ мени менен келишимди узарткандан кийин батир ижарага алып, өз каалоомдогудай батирде жашадым.

            Amazonдон баш тартып үй-бүлөнү тандадым

Эки жарым жылдай БУУда иштеп, дагы жаңыча жашоону байкагым келди. Ар түрдүү компанияларга резюме таштап, алардын сүйлөшүүлөрүнө барып жаттым. Арасынан бирөөсү кабыл алды. Канадага учушум керек эле. Бирок мени ал каалоомдон турмуш жолуна чогуу кадам таштай турган адамым жогору турду. Ал швецариянын жакшы ишканасынын биринен сунуш алып ал жакка кетиши керек болуп калды. Ошентип мен да аны менен бирге Швейцарияга келип иштеп калдым. Жакшы сунуштан баш тартканыма өкүнбөйм, менин жакын адамым жанымда. Жашоодо бирге кадам таштаган адамыңдын колдоосу болуп турса кайсы өлкөдө болбо ийгиликке жетесиң. Учурда швецариянын аба каттамдарынын биринде иштейм.

         Швецарияда жумуштан кеткен кызматкерди талаага     таштабайт

Бизге салыштырмалуу Швейцарияда жумуштан бошогон кызматкерлерди талаага таштап койбойт. Аны үч ай камсыздап турат. Ушул мезгилде ал кызматкер башка жумуш таап кетүүгө аракет кылышы керек. Баардык компанияларда жумасына 42  саат тартипте иштешет. Эгерде ушул убакытта кызматкер өзүнө бөлүнгөн жумушту аткарып үлгүрбөй калса анда көйгөй менеджменте же иштин жүрүү процесси туура эмес уюштурулган. Ошол себептен улам ал жакта иштеп жетишип, эс алууга да үлгүрүшөт.  Айлык акы жогору. Биз башында жолдошум экөөбүз иштегенде тапканыбыз өзүбүздөн ашып туугандарга да бергенге жеткирчүбүз. Кыздуу болгону биздин айлыктын жарымы баланы караган бала багуучубузга кетет. Себеби, бул жакта бала кароо кызматтары өтө кымбатка турат.  Азыр көптөгөн аялдар жарым ставкада иштешет. Мисалга алсам, жумасына үч күн иштешет. Бала эки күн бала бакчага бир күн чоң ата чоң энесиникине барууга туура келет. Биз өзүбүздүн чыгымыбызды эсептеп, менин иштебей кызымды карап отурганым кирешелүү экенин билдик. Бул жакта салык системасы башкача өнүккөн. Үй-бүлөдө алган айылыгыңа жараша салык төлөйсүң. Андыктан бул өлкө үй-бүлөлүү жаштар үчүн кирешеден да чыгашасы көп болоорун билдик.

      Кызым Швейцарияда тарбияланып чоңойсо дейм

Канчалык шарты жогору болсо да өз өлкөңө эч нерсе тең келбейт. Сагынам, өзгөчө түшүмө таттуу, даамдуу тамактары кирет. Бул жакта тамактардын басымдуу бөлүгү жашылча, жер-жемиштерден жасалат. Бала кездегидей Бишкектин базарын аралап  азык-түлүк сатып алганды каалайм. Буюрса кызым бой жеткенде Кыргызстанга кайтам. Ага чейин кызымдын Швейцарияда тарбияланып билим алуусун каалайм.

Software Engineer прогаммасы менен кетүүнүү каалагандардын логикалык ойлонуусу кенен болушу шарт

Кыргызстанда сырттан билим алып иштегенди каалаган жаштар көп экенин билем. Бул программа менен багыт алууну каалагандарга биринчи кезекте логикалык ойлонуу кенен болушу керектигин айтат элем. Баардык программистер алгоритм менен иштейт. Алгоритмдин өзү логика. Ансыз ал кыйын программист  боло албайт. Экинчиден узак убакытка чейин көңүл буруу жөндөмдүүлүгүнө ээ болушу керек. Үчүнчүдөн анда кызыгуу күчтүү болсо ал биздин сферадагы бат-бат өзгөргөн функцияларды учурунда өздөштүрүп турат.

Сыртка чыгууга себеп издегендер Coursera курсун карашса…

Өзүм 2014 жылдан бери Coursera курсун алып келем. Бул профессор Стэнфордун атайын иштеп чыккан курсу. Ал жерден дүйнөнүн окуу жайларынын бекер курстарын алса болот. Эгерде эң мыкты аталган компанияларда иштөөнү кааласа ал жерден тесттерден өтө алат. Ал үчүн орто эсеп менен 100 тапшырманы аткарышы керек.

Булак:argument.kg

Аргумент.kg