Шоубизнес

Алып баруучу Алексей Филатов каза болду

Теле алып баруучу Алексей Филатов көз жумду. Бул туурасында коомдук ишмер Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына жазып, жакындарына көңүл айтты.

Филатов бүгүн эртең менен ооруканада үзүлгөн.

Буга чейин Молдокматова 33 жаштагы алып баруучунун коронавируска чалдыгып өтө оор абалда жатканын айткан. Кечээ жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулганын билдирген.

Алексей Филатов КТРКдан «Хит-парад» шоу программасын алып чыгуу менен элге таанылган. Алып баруучуларды даярдаган жеке мектебин ачып иштетип жүргөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *