Алымжан Козубаев: “Депутаттар Жусупбек Коргонбай уулу менен Шаирбек Ташиевге эл ыраазы”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кечээ эле волейбол оюну боюнча Кыргызстандын чемпионатынын 1-туру аяктады. Бу жерде Улуттук лига, Жогорку лига арасында мелдештер болуп, анын жыйынтыгы жана келечек тууралуу КР волейбол федерациясынын вице-президенти Алымжан Козубаев менен чакан маек кылдык. 

— Алымжан мырза, волейбол боюнча Кыргызстандын чемпионатынын 1-туру аяктады. Жыйынтыгы кандай болду?

— Мелдеш бир жумага созулуп, натыйжалуу болду жана абдан жогорку деңгээлде өттү десем жаңылбайм. Негизинен жыл өткөн сайын топко кызыккандардын саны арбыгандан арбып келет. Бүгүнкү күндө жарым миллионго жакын биздин жарандар волейбол оюнун ойноп, республиканын бүткүл аймактарында кулачын кенен жаюуда. Албетте, өлкө чемпионаты үч тур менен өтүп, акыркы турда лигаларга жараша командалардын топтогон упайлары менен Кыргызстандын чемпиону аныкталат.

— КР волейбол федерация президенти Элмурза Сатыбалдиевдин ишмердигине кандай баа берсек болот?

— Элмурза Сатыбалдиев акжолтой адам экен, көз тийбесин. КР волейбол федерация президенти болгон күндөн баштап муз жарылып, алдыны көздөй жылганыбыз жылган. Кандай күндү башынан кечирбесин, эч качан топту көз жаздымга калтырбастан болгон күч аракетин күжүрмөндүктө жумшап келет. Бир кезде биздин балдар чет жакка барып ойногондон уялып жүрүшсө, азыр коңшу мамлекеттердин курама командаларына тиш кайрап, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстанды утуп алган жагдайларга күбөбүз. Ал эле эмес, Азиянын аймактык мелдештеринде жогорку серени багынткандарына коомчулук күбө. Элмурза Ракыевичтин федерацияда кылып аткан майнаптуу иштерин, анын көрөгөчтүгүн, кошкон салымдарын айта берсе сөз түгөнбөйт. Кайсы бир учурда “биздин балдар башка мамлекеттин клубдарында легионер катары ойноп атат” деген жомок болсо, азыр кадыресе көрүнүш болуп калды. Евролигада, Азербайжанда, Казакстандын жогорку лигаларында биздин балдар-кыздар легионер катары ойноп, өздөрүнүн чеберчиликтерин көрсөтүшүүдө.

— Демөөрчүлөр тууралуу эмне дейт элең?

— Албетте, демөөрчүлөрсүз бир да команда жеткиликтүү ийгилик жаратпайт, бул турулуу иш. Волейбол оюнун колдогон азаматтарыбыз да жок эмес. Жогорку Кеңештин депутаттары Жусупбек Коргонбаевич, Шаирбек Кыдыршаевичтер ынтымак-ырашкердик, достук мамилелер арта берсин деген таризде волейбол федерациясын колдоп-коштоп турушат. Учурдан пайдаланып, баардык демөөрчүлөргө таазим этип, алкышымды айтам. Өзгөчө ушул эки жигитке федерациянын жана жеке өзүмдүн атымдан ыраазычылыгымды дагы бир жолу билдирип коёюн. Ар дайым элдин жүгүн көтөргөн татыктуу эл өкүлү болуп жүрө беришсин!

— Ош жана Жалал-Абад облустарынын курама командалары арасында достук мелдеш мурунтан белгиленди эле…

— Айтмакчы, күйөрмандар волейбол оюнуна аябай суусап калыптыр. Кечээ чемпионаттын аягында, убакыттын кеч болгонуна карабай, эки облустун топ чапкычтар арасындагы мелдешти көрөбүз деп келген элдер Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордого батпай, көпчүлүгү эшикте калды. Чакан аянтчага 3 миңдей адам эптеп сыйып, кызыктуу мелдешке күбө болушту. Мындай көрүнүш көптөн бери боло элек эле. Ош облусунун топ чапкычтары бу жолу жеңишти колдон чыгарышкан жок. Мындан сырткары, ушундай жөрөлгө ар бир 7 облус ортосунда да болмокчу.

Сурат Жылкычиев  «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg