Алымкадыр Бейшеналиев: «Омикрон штаммы келсе ооругандардын саны жогорку көрсөткүчкө жетет»

Алымкадыр Бейшеналиев: «Омикрон штаммы келсе ооругандардын саны жогорку көрсөткүчкө жетет»

12-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Кыргызстанда “омикрон” штаммы катталса ооругандардын саны жогорку көрсөткүчкө чейин жетет. Бул тууралуу Алымкадыр Бейшеналиев жергиликтүү басылмалардын бирине билдирген.

Маалыматта, омикрон штаммы катталса дарыгерлердин божомолу чындыкка дал келип калышы мүмкүн. Бул толкун мурдагыдан да эки эсе жогорку көрсөткүчтү бериши мүмкүн. Бирок бул штамм жеңил өткөндүктөн бейтаптар үй шартында дарыланса болот. Себеби мурункуларына караганда бир топ жеңил өтөт. Азырынча лабораториядан чыккан анализдер омикрон штаммы жок экенин аныктап келет.