Алымкадыр Бейшеналиев: «»17 окуу жайдын ээси жок кылам деп коркутуп жатат
18-бирдин айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваСаламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүүминистри Алымкадыр Бейшеналиевге коркутуулар болууда. Бул тууралуу министр өзү билдирүү жасаган.
«Азыр мага олигархтар, миллионерлер чалып алып коркутуп жатышат. Ошон үчүн мен 10 күн мурун эле «журналисттер, мага жардам бергиле» деп айткам. Сабырбек Жумабеков мындай эле, бул жерде 17 миллионер Бейшеналиевди жок кылабыз деп чыгат. Себеби талапка жооп бербеген окуу жайларды менден башка эч бир министр жаба албайт. Ошон үчүн мени сакташыңар керек. Эгер мен жок болсом бул система кайра эле келет», — деди Бейшеналиев.
Эскерте кетсек талапка жооп бербеген 17 медициналык окуу жайды жабуу боюнча маалымат жарыяланган эле. Ал эми окуу жайлар мамлекетке эмес жеке тараптарга таандык болучу. Жыл сайын миллионду алып келген окуу жайдан ким эле кол жуусугу келсин. Андыктан министрдин өмүрү коркунучта турат.