Коом

Алтынчы класстын окуучулары мектепти сатууга аракет кылган

Бишкек шаарыны мектептеринин биринин алтынчы классынын окуучусу окуган мектепти сатык тактасына илип койгон. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бири жазып чыкты.

Маалыматта, Бишкек шаарында жайгашкан №37 орто мектепти сатуу жарыясы жарыяланган. Анда мектепти 200 миллион долларга баалап, ичиндеги жыгач-ташы белек катары бериле турганын жазышкан.Бул тууралуу журналистер окуучулардын бирине жолугуп сураганында алар жөн гана тамаша кылышканын айтышып, окуп жаткан мектебин эч нерсеге алмаштырбай турганын билдиришкен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *