Алтынбек Сулайманов жакында камалышы мүмкүн…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Альянс»  фракциясында депутат кезде Алтынбек Сулаймановго Ыссык-Көл  облусуна губернатор болуп иштөөгө сунуш түшкөндө, Алтынбек мырза бул сунушту терең канаттануу менен кабыл алгандыгын коомчулук жакшы билет. Ал өлкө үчүн бир топ эле маанилүү болгон бул регионду жакшы башкарып ,бир топ олуттуу долбоордорду жүзөгө ашыруу үчүн,  аябай далалаттанып киришкендиги да, белгилүү . Бирок бир аз убакыт өткөндөн кийин ал өлкө бийлигине кызматынан кетүү жөнүндө арызы менен кайрылды. Сулайманов эмне үчүн өзү эңсеп барган губернаторлуктан баш тартты?. Өзүнүн айтымына караганда губернаторлук орун жакшы кызмат болгону менен план программаларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү аябай чектелүү экен. Баардык ишти аягына чыгару үчүн толтура каражаттык база керек .Сулаймановго көп долбоорлоруна Өкмөт акча каражатын бөлүп бербей койду дешет. Кызматтан кетүү менен Сулайманов бийликке: «Парламентте отуруп, кыйкыра берүү бир бөлөк, ал эми конкреттүү ишти жасоо бул такыр башка нерсе»-деп айтканга шарт түзүп берди. Андан кийин соцтармактарда Сулаймановду УКМК суракка чакырып жатат деген билдирүүлөр чыгып кетти. Бирок аны дароо эле мени эч ким суракка чакырган жок деп, четке какты.

Сулаймановдун мындан аркы саясий тагдыры кандай болот? Айрымдардын айтымына караганда, бийликке каршы оппозиция болуп кетиши толук мүмкүн дегендер жок эмес. Ага жол бербеш үчүн  Алтынбек мырзага каршы кылмыш иши козголот деген божомол да бар. Орустун макалында айтылгандай адам болсо, ага каршы кылмыш иши оңой эле табылат.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg