Алтынбек Сулайманов сабатсыздыгын далилдеди

Алтынбек Сулайманов сабатсыздыгын далилдеди

27-баш оона, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

“Кыргызстан” партиясынын чыры чыгып жатканда бир топ саясий күчтөр БШКнын алдына чогулушкан. Алардын арасында “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов дагы командасы менен жүргөн. Туура, өзгөчө шайлоо процессинде мыйзамдуулук сакталыш керек. Ошол эле учурда колдон келишинче интеллектиси күчтүү, алдыңкы катардагы инсандар парламенттеги орундарды ээлөөсү зарыл. Эки жолу  депутат болгон Алтынбек мырза дал ушул интеллект жагынан уттурат дегендер арбын. Ошолордун айрымдары анын соцтармактарда жазып чыккан постун мисал кылышууда. Көрсө ал өзүнүн партиясынын аталышын ката жазыптыр. Буга чейин партиясынын аталышы “Бир Бол”-деп эки сөздөн туруп тырмакчага алынчу. Ушундай майда сыяктанган нерсе кимдин-ким экенин билгизип койгон жокпу? Алтынбек мырза 10 жылдык депутатык ишмердүүлүгүндө эмне мыйзамдарды жазды болду экен?
ARGUMENT.KG