Алтынай Өмүрбекова: “Жээнбеков мүнөзүнөн тапты, азыр да өкүнүп жатат ”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Экс вице премьер министр Алтынай Өмүрбекова NewTV каналында маек берген. Анда учурда коомдун көңүл чордонунан орун алган пандемиядагы катачылыктар маселеси көбүрөөк козголгон. Анда Өмүрбекова катуу даярдыктарды көруп туруп бирок коронавирустан калкты калкалай албай калгандагы окуяга да кайрылып кетти. Анын айтуусунда, жазга маал күтүүсүз жана өтө эрте карантин жарыяланып калып, күнумдүк тапканы менен оокат кылган эл чыдай албай калганын билдирди. Пандемиялык абалда өкмөт шашып карантин жарыялап алганын да мойнуна алган. Ошондой эле экс президент Жээнбеков тууралуу да суроолорго жооп берип, азыркы кайрадан түзүлуп чыккан структурага көңүлу толбой турганын жашырган жок. Анын айтымында, кээ бир структуралар туура эмес кошулуп, айрым маанилүү маселе чече турган структуралар өз күчун жоготуп койгонун ачыктап берди.

Аргумент.kg