
Алтын менен чектелбе! Кыргызстанда баалуу металлдардан пайда табуунун жолдору
29-жетинин айы, 2022-ж // Экономика // АдминистраторЖеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери
Күмүш: кайра сатып алууда – 42,1 сом / сатууда – 61,3 сом;
Платина: кайра сатып алууда — 1 760 сом / сатууда – 3 270 сом.
Күмүш: кайра сатып алууда — 55,56 / сатууда – 59,70;
Платина: кайра сатып алууда — 2 549 / сатууда – 2 739.
электрондук баалуу металлды уурдатуу мүмкүн эмес, себеби ал банктын компьютеринде гана сакталат, башкача айтканда, сактоонун машакатын деле көрбөйсүз. Маселен, банк ячейкасын да ижаралоонун кажети жок;
алтынга караганда платина менен күмүш кыйла жеткиликтүү баада (сары металлдын бир граммынын минималдык наркы — 4,6 миң сомго чыгат);
алтын куймалары жана монеталардан айырмаланып, платина менен күмүшкө салым салууда кошумча чыгым (даярдоого жана ташууга кеткен) жок. Наркы дүйнөлүк баанын негизинде аныкталат;
жыйнаган каражатыңызды пайдалуу жактарга салуу. Бул алтындын баасына же доллардын курсунан көз каранды болбоонун дурус ыкмасы;
электрондук эсептеги металлды каалаган иш күнү кайра банкка сата аласыз.
жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептер аманат (200 миң сомго чейинки депозит) сымал камсыздандырылган эмес: эгер банк жабылып калса, акчаны кайтаруу процесси көпкө созулушу ыктымал, колуңузга тийип калары да арсар;
кепилденген, мисалы, аманаттардыкындай белгилүү бир өлчөмдөгү киреше жок, анткени күмүш же платина арзандап кетсе, чыгым болосуз;
рынокто варианттары өтө аз, өлкөдө эки гана банк бул жаатта иш алып барат. Ошондуктан кээде сатып алуу менен кайра сатуудагы айырма чоң болуп калышы ыктымал. Демек, киреше алуу үчүн металл кыйла кымбатташы абзел;
баалуу металлдын өзү жок, аны колго алууга да болбойт. Болгону жазылат.
Монеталар

баасы анчейин кымбат эмес. Ушул тапта КР Улуттук банкы сатып жаткан монеталар 1500дөн 4 000 сомго чейин турат;
бул реалдуу баалуу металл;
салым салуунун жакшы жолу;
мындай монеталарга нумизматтардын (монета жыйноочулар) кызыгуусу күч, келечекте наркы кыйла өсүп кетиши ажеп эмес. Айталы, 3 410 сомдук «Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл» монетасы 7 000 рублге (дээрлик 9 500 сом) сатылууда. Мында ал эки эседен ашык кымбаттаган.
монетаны жана тастыктаманы катып, ошондой эле уурулардан, өрт жана суу ташкындардан сактоо зарыл. Банк ячейкасын ижара алсаңыз болот, бирок бул кошумча чыгымга дуушар кылат;
монетаны өтө кылдаттык менен сактоо керек. Бир кырын да бузуп албоо үчүн акрилден капсулага салып, үстүңкү бетинен гана кармаган оң.
болбогон эле бир жери (чийилип, бармак изи же башка так түшүп калса) эле нумизматикалык баалуулугун жоготот;
монета кирешеге кепилдик бербейт. Жогоруда алда канча кымбатка сатыларын мисал келтирдик, бирок андай баада сатылабы, кеп ошондо;
кайра тез сатылышы арсар. Монетаны бачым эле, болгондо да бир топ арзандатпай сатып жиберериңиз күмөн;
монета айныгыс жакшы белек эмес, кеп аны тартуулаган адамдарга жараша. Айрымдар андай тартууга кубанса, кай бирлери түшүнбөй, капа да болуп калышы мүмкүн.