«Алтын Казына» ресторанында зордукталган 17 жаштагы кыз. Атасы өзүн өрттөйм деп жатканы маалым болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

9-10 ай мурун «Алтын Казына» ресторанында 17 жаштагы кызды зордуктоо болгон. Бул тууралуу депутат Руслан Жакышов айтып, ага ата-энеси байланышып жатканын билдирди.

«Сот иши жүрбөй, жардам жок. Эгер сот адилетсиз болсо, орозо бүткөн соң өзүмдү өрттөйм деп жатат. Ушул иш боюнча эмне иш алып барып жатасыңар? Атасы кайрылып жатат», — деди депутат.

8-августта соцтармактарга видео тараган. Анда Чүйдөгү «Алтын-Казына» ресторанынын кызматкерлери тарабынан 17 жаштагы кыздын зордукталганы маалымдалган. 9-августта Чүй ОИИБ маалымат таратып, кылмышка шектелип 20 жаштагы жигит кармалганын билдиришкен.

Аргумент.kg