Алоэ гүлүнүн пайдасы , касиеттери

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Алоэ вера — таң калыштуу өсүмдүктөрдүн бири: аны медицинада, косметологияда адамзаты жүз жылдан кем эмес колдонуп келүүдө. Алоэ веранын жалбырактары 99 пайыз суудан турат, өзүнө болсо витаминдерди, минералдарды, амин кычкылдарын, белок молекулаларын жана башка заттарды камтып, териге жакшы кам көрөт. Алоэнин пайдасы тууралуу кененирээк айтып берели.Алоэ веранын 5 пайдалуу касиеттери

Алоэ веранын 5 пайдалуу касиеттери

Алоэнин формалдуу эмес аталышы «жүз жылдык», бул аталышты ал бекеринен алган жок. Эмне үчүн бул өсүмдүктү элдик медицинанын ошондой эле олуттуу сулуулук бренддери жакшы көрүшөт? Буга жок дегенде беш себеп бар.

1-касиети

Нымдоо

Алоэ кактус өсүмдүктөрүнүн тукумуна кирип, ошого байланыштуу өзүнүн жалбырактарында нымдуулукту мыкты кармайт. Алоэ веранын гели, сууга караганда териге төрт эсе тезирээк сиңет. Ошон үчүн алоэнин жалбырактарынан алынган экстракт терини жакшы нымдап, эпидермис катмарларындагы нымдуулукту оптималдуу абалда сактап, теринин кургап кетүүсүн алдын алат.

Алоэнин териге пайдасы

2-касиети

Тынчтандырат

Алоэ дүүлүккөн терини эң жакшы тынчтандырат жана жумшартат, күйүктөрдө, кесип алууларда жана курт-курмускалар чагып алганда жардам берет. Өзүнүн сезгенүүгө каршы касиетине ылайык, алоэ ультра фиолет нурларынан пайда болгон кызарууну азайтып, клеткалардын регенерациясын тездетип, нымдуулукту сактоо үчүн клеткада коргонуу катмарын түзөт, бул теринин түрдүү жаракаттарында өтө зарыл. Айтмакчы, батыш изилдөөлөрдүн натыйжаларына кайрылсак, биринчи жана экинчи баскычтагы күйүктөр алоэнин таасири аркылуу жума күндөргө эрте айыгат экен. Алоэни эркектер сакалын алгандан кийинки дүүлүккөн териге колдонсо дагы болот

3-касиети

Клеткалардын регенерациясын тездетет

Алоэ веранын ширеси куураган клеткалардын түшүүсүнө жардам берип, жаңы клеткалардын пайда болуусун сегиз эсеге ылдамдатат, башкача айтканда теринин жаңылануусуна мүмкүндүк түзөт.

4-касиети

Бырыштарга каршы күрөшөт

Белгилүү болгондой убакыттын өтүшү менен тери кургап, өзүнүн ийкемдүүлүгүн жоготот. Алоэ ширеси коллаген жана гиалурон кычкылын бөлүп чыгарууга түрткү болот, натыйжада тери көп убакытка жылмакай жана жумшак, бырышсыз бойдон калат. Андан тышкары, өсүмдүктүн курамындагы С жана Е витамини мыкты антиоксидант болуп, клеткалардагы кычкылдануу процессин каршылык көрсөтөт, бузулуусун басаңдатат.

5-касиети

Коргойт

Алоэ гели тез сиңип, ошол эле убакта териде көзгө көрүнбөгөн коргоонү түзөт. Ал шамалдан жана башка тышкы дүүлүктүрүүлөрдөн күнү бою коргойт.

Алоэнин дарылык касиеттери: косметологдордун кеңеши

Косметикалык эффекттен тышкары алоэ вера организмге башка дагы олуттуу дарылык таасирлерин тийгизет.

  1. Курамындагы гиббереллин фитогормону жана ауксиндин болгонуна байланыштуу, алоэ гели антибактериалдык жана сезгенүүгө каршы каражат болуп, безеткилер, угрилер жана акне менен күрөшүүгө жардам берет.
  2. Өсүмдүк курамында полисахариддердер дагы бар, алар жаңы клеткалардын өсүүсүн стимулдап, безеткелердин айыгуу процессин тездейт, тырыктардын пайда болуусун алдын алат жана мурдагы тырыктар, теринин чоюлуп калуулары (растяжкалар) менен күрөшүүгө жардам берет.
  3. Алоэ ширеси пигменттик тактарды агартууга дагы жардамы жакшы.
  4. Гликопротеин белоктору сезгенүүнү, кызарууну азайтат.

Булак; Аргумент кж 

Аргумент.kg