Экс- вице-премьер-​министр Алмазбек Баатырбеков үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, экс-депутат үй камагына 15-июнь күнү чыккан.

Кошумчалай кетсек, “Кумтөр” боюнча коррупцияга шектелип, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана экс- биринчи вице-премьер-министр,экс-депутат Алмазбек Баатырбеков кармалган.