Алмазбек Атамбаевден кийин Райымбек Матраимовго кут түшкөнбү?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жараткандын сырдуу көрүнүшү сынңрындай сейрек адамдарга кут түшөт. Бул боюнча уламыштар менен фактылар айтылып келгенин билебиз.

Тарыхыбызга кылчайсак, Жантай хандын уулу Шабдан баатырга, Ормон ханга, Алымбек даткага, Совет доорунда Typдaкун Усубалиевге, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында Аскар Акаевге, андан соң Алмазбек Атамбаевге кут түшүп, кийинки мезгилде Райымбек Матраимовду сыйкырдуу керемет курчап алганын баамдап турган чагыбыз.

Оомат оошот, аны кармап калуу өзүнчө олжо. Маңдайга жазган, төлгөчүлөр божураган, тарыхка из калтыра турган инсандардын тизмеси мезгил удулуна жараша бааланат.

Демек, Райымбек агабыз чөптөн бийик, булут Туу кектен жапыз жүрүшү керек. Хандарды, баатырларды сынаган доор уланууда.

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg