Алмазбек Атамбаев саясатка аралашышы мүмкүн…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

КРнын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин түрмөдөн бошотулушу КРнын ММКалардын жана социалдык түйүндөрдүн негизги темасы болуп калды. Айрымдар белгилегендей мурда Атамбаевди анча жактырбагандар да куттуктап киришти. Азыр мурдагы президент Испанияга дарыланып, ден-соолугун оңдоо үчүн учуп кетти. Анын өзүнүн айтымына караганда Европанын бул өлкөсүнө аны Испаниянын премьер-министри жана социнтериндин жетекчилерин чакырган имиш. Россиялык саясий эксперттердин айтымына караганда Атамбаев Россия жана анын жетекчилери үчүн азыркы учурда анча кызыктырбаган фигура болуп саналат. Өзү болсо Испанияга учуп кетип жатып: «Мен айыккандан кийин сөзсүз өлкөмө кайра келем, мен чет  өлкөдө калбайм»-деп билдирди. Ал кийинчирээк, кайра келгенден кийин КРдагы саясий процесстерге  аралашабы же жокпу деген суроо кабыргасынан коюлуп турат? Көпчүлүк эксперттер «жок аралашпайт» десе да, азырынча айтуу кыйын. Аралашып кетиши толук мүмкүн дегендер да жок эмес.

Булак: Аргумент.кж

 

 

Аргумент.kg