Алмазбек Атамбаев Садыр Жапаровду эми колдойт…

Алмазбек Атамбаев Садыр Жапаровду эми колдойт…

10-чын куран, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 7-апрель элдик революцияга байланыштуу өзүнүн кайрылуусун соцтармактагы баракчаларына жарыяланды.Анда ал Бакиевдердин  үй-бүлөөлүк бийлигине тайманбай каршы чыккан мекендештерине терең таазим кылган. Ошондой эле ошол кайрылуусунда президент Садыр Жапаровго өзүнүн кенешин да багыттаган. Анда ал тегерегинде айрым адамдардын: «Булар же тигилер төңкөрүш даярдап жатат»-деген сыяктуу болбогон шылтоо менен күнөөсү жок саясатчы, ишкер, журналист же болбосо блогерлерге жок жерден кылмыш иштерин ойлоп тапкандарга эч качан ишенбөөнү сунуш кылат. Мындайлар президентке жагалданам деп аны аңга сүйрөп барышат. Ошондойлорго ишенүү менин негизги катам болгон. Сиз кайра ошол каталарды кайталабаңыз деп жазат кайрылуусунда.

Булак: Аргумент.кж