Алмазбек Акматалиев бийликтин блогер-экспертине айланганда

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Өзүн абдан билимдүү-интеллектуал сезген Алмазбек Акматалиев интернет каарманына айланганда…

Бүгүгкү күндө интернеттин социалдык баракчаларын кимдер гана колдонбойт. Ошолордун арасында өзүнүн пикирин үзгүлтүксүз билдирип турган Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев да активдүү колдонуучуга айланды. Өлкө үчүн өтө маанилүү маселелерге ал сөзсүз үн кошот . Жөн гана объективдүү үн кошпостон бийликтин позициясын абдан колдоочулардан экенин ачык билдирет. Албетте Алмазбек мырза билимдүү адам. Орой түрдө лап этпестен таланттуу жазуучулардай көркөмдүк системага сала алат. Керек учурда юмор аралаштырууну да унутпайт. Фейсбуктагы активдүүлүгүнөн улам, КТР баш болгон бир топ телеканалдарда өтчү талкууларга саясий эксперт катары байма-бай чакырылууда. Айрымдар Акматалиевдин мындай активдүүлүгүн өзүнүн маанилүү оку жайдагы жетекчилик ордун ар кандай кокустуктан сактап туруунун ыкмасы катары колдоноорун ачык эле айтып келишет. Бул да чоң талант. Алмазбек мырзанын билдирген пикирлери бийликке кошомат кылуунун жылма түрү экенин билимдүүлөр дароо эле баамдайт.

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg