Президент айткандай Акылбек Жамангулов «Мегакомдон» 1 млрд сомду «жеп» жүрсө камалышы керек. Бул тууралуу журналист Алмаз Темирбек өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Акылбек Жамангулов 1 млрд сом жеп жүргөнбү?

Садыр Жапаров «Мегакомдон» 1 млрд. сом уурдалып келген деп бир нече жолу айтты. Кечээ эле Сузакта кайрадан кайталады. Акылбек Жамангулов 1 млрд уурдап жүрдүң беле? Ак же көк деп айтсаң боло?

Ушул жерден суроо жаралат.

Садыр Жапаров «Мегакомдон» 1 млрд. уурдап жүргөндү эмнеге камабайт? Алчусун алып алганбы? Албаса, мамлекетке зыян келтирген коррупционерди камап, жегенин кустурбайбы? Эгер, жөн гана шоу кылып упай топтоо максатында айтып жаткан болсо, Акылбек Жамангуловдун абийрин төгүп жатпайбы?

Мындай учурда Акылбек Жамангулов эгер ак болсо, ар-намысын, беделин коргоп сотко бериш керек, жалаа жаап жатат деп… Болбосо, президент айткандай 1 млрд сомду «жеп» жүрсө камалышы керек. Башка жол жок. Акылбек Жамангулов камактагы Мелис Аспековго берген бир машина менен эле кутулуп кетпеши керек?!

Себеп дегенде, «Мегакомго» Азат Базаркуловду дайындаган соң, таза киреше 1 жарым миллиардга чыккан. Базаркулов Жамангуловго чейин Мегакомду башкарып турган.

Демек, канча пайда түшөөрүн жакшы билчү. Жапаровдун логикасына таянсак, демек Базаркулов кетип Жамангулов Акылбек келгенде аталган ишкананын кирешеси 500 млн. сомго түшүп калган.  Анан кайра Базаркуловду дайындаган соң ишкананын кирешеси көтөрүлгөн.

Ошондо, Жамангулов жеп жүргөн болот да. Шек жаралат? Таза болсо, оозуна талкан салып алгансып өлүмүш болбой атпайбы? Башынан ылдый жугунду куюп жатса деле, төө кушчасынан башын кумга тыгып, көзүм көрбөсө, көчүгүмдү бөрү жесин дебестен. Негизи Жамангулов Кыргызстанда элеби? Качып кеткен эмес беле?», — деп белгилеген ал.