Алматыда кайрадан атышуу башталды
06-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваБүгүн, 6-январда Алматы шаарынын борборунда аскер кызматкерлери менен мародёрлор кагылышып, атышуу кайрадан башталды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, учурда атышуу жүрүүдө. Аскер кызматкерлери БТР менен бир нече демонстранттарды кармаганы маалымдалды.
Алматынын борборунда 50гө жакын техника, анын ичинде БТР, аскердик жүк ташуучу унаалар жана куралдуу коопсуздук күчтөрү коюлган. Алар аянтты курчоого алышып, демонстранттар менен атышып жатышат.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары өтүп, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.