Алматыда башы кесилген адамдын сөөгү табылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Алматы шаарындагы баш аламандыктан улам укук коргоо органдарынын 12 кызматкери каза болду. Бул тууралуу «Sputnik Казакстан» басылмасы Алматынын комендатурасына шилтеме берүү менен билдирди.

Ошондой эле 353 кызматкер жаракат алган.

Андан тышкары Алматынын комендатурасы башы алынган эркек кишинин сөөгү табылганын билдирди.

Азырынча канча жөнөкөй жаран жаракат алганы же каза болгону тууралуу маалымат жок.

Буга чейин Казакстан боюнча полициянын жана Улуттук гвардиянын 8 кызматкери көз жумганы айтылган.

Спутник.кж

Аргумент.kg