Алматыда бандиттик түзүмдөрдү жок кылуу боюнча антитеррордук операция башталды.   Бул тууралуу  Тенгри ньюс маалыматтык агенттиги телеграм каналынан жазып чыкты.

Маалыматта, Казакстандын баардык тенеканалдарында  жергиликтүү тургундарга кулактандыруу берилип жатат. Анда баардык шаарларда коменданттык саат киргизилип, сыртка чыкпоону суранышкан.

«Негизги максат – террористтерди токтотуу жана шаардын коопсуздугун камсыздоо. Эгер үйүңүзгө жакын жерде антитеррордук акциялар боло турган болсо, анда терезеден алыс болуу же көчөгө чыгуу сунушталат. Коопсуз жайга баш калкалаңыз, балдарды жана карыларды кароосуз калтырбаңыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Шаар тургундарына да СМС билдирүүлөр келип турат. Алар жарандарды коопсуз жайларда болууну суранышкан.

Ошондой эле башка маалымат булактарында шаарда террористик тазалоо башталып, 400 жакын адам жаркат менен ооруканага кайрылып, 62 жаран оор абалда жандандыруу бөлүмунө түшкөн. Ал эми каза болгондордун саны азырынча так айтыла элек. Айрым социалдык түйүндөрдө каза болгон жарандардын сөөгү өлүкканага батпай калганын кабарлашкан.