Эсиңерде болсо, меценат Рустам Маманов жөн жерден Сооронбай Жээнбековдун бийлиги тушунда камалган. Акыры адилетсиздик ачыкталууда. Эки кытайлык инвестордун чатагы ырбап, ортого түшкөн Рустам Маманов “күнөөлүү” катары камалып кеткен. А иштин өзөгүнө келгенде, чатакташкан кытайларды териштирип, андагы президенттин аппаратынын орун басары Алмамбет Салиев 5 миллион доллар алып койду беле? Эки тараптагы кытайлардын согушуусунан пайдаланганбы? Албетте, биз суроо маанайында жолдоп атабыз. А негизи атайын органдар изилдеп көрсө (!) деген кулак кагыш.
«Азия Ньюс» гезити