Алишер Козуев: “Доллардан баш тартуу – экономикабызга стабилдүүлүк жана жеңилдик тартуулайт”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— ЕАЭБ доллардан баш тартууга даярданып, улуттук валюта менен соода жүргүзүүгө бел байлап, айрым өлкөлөрдө ишке аша баштаганы айтылууда. Бул абал экономикабызга кандай таасир берет?

— Чындыгында бул өтө керектүү, азыркы замандын талабы. Биз ушул күндөргө чейин долларга көз каранды болуп калганбыз. Бирок азыркы учурда доллардан баш тартуунун убактысы келди. ЕАЭБге кирген өлкөлөр өз алдынча биргеликте жүргүзө турган валютаны ойлоп, ал валюта катары рубль менен акча жүгүртүүгө бел байлап жатышат. Бул өтө жакшы көрүнүш.

Биздин көпчүлүк импорт товарлар, келишимдер Россия менен болгондуктан, Россияга болгон товар жүгүртүүнү рублга өткөрүп алсак, өтө жакшы жылыш. Ал   товарларды атап кетсем, мисалы, буудай, ун, май ж.б. керектелүүчү азык-түлүктөр  Ошондой эле курулуш материалдары темир, жыгач ж.б.

Күйүүчү майларды да рубль менен өткөрө турган болсок, бизде туруктуу баа жаралмак. Себеби, күндөн күнгө доллардын куну көтөрүлгөн сайын, биздеги товар баалары да кымбаттап, 15-20%га чейин өсүп жатат. Менин жеке оюмда, рублга өтүү экономикабызга туруктуулук берип, алдыга жылуу орун алмак. Бул бизге өтө пайдалуу долбоор десем жаңылышпайм. Биздин башкы акчабыз рубль болуп, андан тышкары, өкмөт кош валюта менен иш алып барууну кароосу шарт.

Европа өлкөлөрүндө башкы валюта евро, ал эми кийинки валюта катары өздөрүнүн акчаларын иштете беришет. Мисалы, дүкөнгө кирип бир суу, бир шоколад алсаңыз, эки касса орнотулуп, кааласаңыз евро менен, кааласаңыз жергиликтүү валюта менен эсеп жүргүзөсүз. Бизге дагы ушундай кош валютаны киргизүү – учур талабы. Кыргызстан рубль менен жана сом менен акча жүгүртө турган калыпка түшүп алсак, өтө сонун көрүнүш. Ошол эле Казакстан ж.б. ЕАЭБдин алкагындагы өлкөлөр бул калыпка түшкөнү туура.

Кытай менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биргеликте валюта иштетишсе эң жакшы болмок. Доллардан баш тартуу экономикабызга жеңилдик берет.

Жамиля Нурманбетова 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg