Кызматка көпкөн Аликбек Жекшенкулов эки жүздүүлүгүн көргөзгөндө

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Аликбек мырза менен сүйлөшуп калсаң менден өткөн мыкты дипломат жок дейт. Чыныгы профессионал дипломаттар ким дегенде: Ишенбай Абдуразаков, Муратбек Иманалиев, Роза Отунбаевалар биринчи кезекте жалпы эл тарабынан мыктылар болуп саналат. Ал эми Жекшенкуловго келсек ортозаар дипломаттардын катарында деп эсептелет. Жекшенкуловдун алган кесибине токтолсок токойчу экен. Бир канча жыл өзүнүн кесиби менен эмгек жолун баштаган. Ал кезде бийлик бутактарына кетчүлөр карьералык жолун комсомолдон башташчу. Жекшенкулов да ошол жолго түшүп Аламедин районунун комсмолунун биринчи катчылыгынан Ош обком комсомолунун жетекчилигине тез секирик жасаган. Мына ошол кызматта отурганда алгач бийликке менменсинүүнүн белгилери башталган экен. Маселен: ошол кезде бала чагынан чогу өскөн бир досу учурашканы кабинетине кирип: “Алике досум кандайсың”-десе Жекшенкулов сурданып, “Мен сага Алике эмесмин, мен азыр Аликбек Жекшенкуловичмин. Тур, эшикке чыгып кайра каалганы такылдатып Аликбек Жекшенкулович уруксатпы деп кир”-дептир. Досу ызаланып кайра кайрылбай сени кызмат ушунча эки жүздүү кызлган экен деп кетип калыптыр. Бул окуяны азыркыга чейин Жекшенкуловдун жакын санаалаштары баш чайкап күлүп айтып калышат. Булак: Аргумент.кж Ввод Написать в Жан Эрке Акылназарова

Аргумент.kg