Алиясбек Алымкулов: “Каада-салтыбызды, нарк-насилибизди жоготуп бараткандайбыз…”

Алиясбек мырзаны тааныштыруунун кажети жоктур. 2010-жылы Апрель окуясында эки жолу көзгө атардын (снайпер) огун жеп, аман калган адам. Соңку учурда бош. Ага чейин Кыргызстандын Алматы шаарында башкы консулу болуп иштеген. Бул адам ары кырдуу, ары сырдуу, Манас айтып, бирде буркан-шаркан түшө төксө, кээде тарыхтын сары барактарын тизмектеп айтып баштаса, жанындагылар муюп, кайсы бир транс тааласына кирип кеткенсийт. Эмесе, Эл баатыры Алиясбек мырзага бир гана собол таштадым: “Бүгүнкү күндө сени кайсы жагдай түйшөлтөт?” деген…

— Азыр айрым бир тарыхий же адабий чыгармаларды окуп атканда, ошол жакка сүңгүп кирип, а жактагы адамдардын турмушка болгон мамилеси, көпчүлүгү “бир келген жашоодо мамлекетке, элиме кандай кызмат кылам? Канткенде артымда из калтырам? Кийинки муундар мен жөнүндө эмне дейт, кандай баа берет?” деген ойлорду туу тутуп чөмүлчү экен. Ал эми биз жашоодогу көйгөйлөргө, адамды капа кылган көроокатка жапатырмак майдаланып кирип жаткандайбыз. Мына ушул нерсе мени түйшөлтөт.

Анда суроо туулат: “Убагында элим, жерим, мамлекетим деген эң мыкты эр-азаматтарыбыз кырылып кетип, журтта, жатакта калган апасынын же аялынын этегин кучактаган адамдардын тукуму калдыбы бизде? Эмне үчүн коом мынча майдаланып кетти? Чыныгы күчтүү инсандардын тукумдары жок калдыбы?” деген ой туулат. Мени ушул жагдай түйшөлтөт.

Учурунда замандын залкары, бүтүндөй кыргызды ай ааламга тааныта алган агабыз Чыңгыз Айтматов “өкүндүргөнү: каалайбызбы-каалабайбызбы, кийинки дүйнөнү баалуулуктар эмес, акча башкарып калат окшойт. А биз ошол жакка бараткан сыяктуубуз” деп айтып кейигенин уктум эле… Баса, базар экономикасынын бир өзгөчөлүгү ушунда экен, буудай оргон комбайндын парасына жакшысы да, жаманы да чабылып кетип аткандай. Анын агып жаткан дайрасында агып кете берсек, анда эл катары бул дүйнөдө кумга сиңген суудай жок болуп кетүү коркунучу туулбай койбойт. Мына мени ушул нерсе да түйшөлтөт.

Жараткан бизге ырайым кылып, байыркы элдердин Борбор Азияда жашап, далай тайгак ашууларды ашып, жок болуп барып кайра бар болгон эл катары сактап келе жатат. Демек, кыргыздын эл катары бул жашоодо чоң вазийпасы бар. Же дүйнөдө жок, бир гана бизге таандык болгон, Жараткан бизге гана белек кылып берген океандай чалкып жаткан Манас атанын жандуу эпосунун күнү бүгүндөй сакталып калышы бу да жакшы белгиби (?) деп ойлоп кеттем. Анан биз андан четтеп, “бирибиз кетип Кангайга, бирибиз кетип Алтайга…” дегендей, бирибиз Батышка, бирибиз Чыгышка таазим этип, ошол эле мезгилде башка элдерди суктандырып, таңгалдырган каада-салтыбыз, нарк-насилибиз, баалуулуктарыбызды жокко чыгарып бараткандайбыз. Мына, мени ушу нерселер түйшөлтөт.

Сурат Жылкычиев 

“Азия Ньюс” гезити

Add your comment

Your email address will not be published.