Саясат

Алга Кылычов: “3 миллион сомду кечип койгонго шартым бар”

“Кактус.медиа” сайты Атамбаевдин командасы ич ара чырдашып, жыйынтыгында Алга Кылычовду жаагын талкалап, бутуна атып кеткен окуядан кийин, Алга Кылычовго окшош адамдын үнүн жарыялады. Анда, Кылычов өзүнүн каржылык мүмкүнчүлүктөрүн айтып мактанып жатканын угууга болот.

“Сен алдыгы сөздөрүңдү токтотуп кой. Мен сенден ини катары сурандым. Ырчы балдарды Көлдөн келип берип койгулачы деп сурангам, ырчы жок болуп атат дегениңерден. Анан ал ырчы бала мага чалып атат Воронцовкага кетишим керек мага акча төлөшкөн жок, баары эле кетип калышты деп. Ал мен эмесмин да, мени уят кылып атасыңар. Анан менин кадырым жок калыптырбы дейсиң. Эгер мен болсом 3 эмес 3 миллион сомду кечип койгонго деле шартым бар. Акчасын төлөгөн төлөбөгөнүндү билбейм бирок сен элден бата алып ошону уюштуруп аткандан кийин аягына чейин жакшынакай эле бүтүрүп койбойсуңарбы”-дейт ал.

Окуяга шектелип, Социал демократтар партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп келген Таалай Темиркулов кармалды.

Такталбаган маалыматтар боюнча, Алга Кылычов Темиркуловдон 10 миң доллар алып, тосмо арыз жазып бергени тууралуу социалдык байланыш тармагында маалымат тарады.

Жаңжал, социал демократтар банкет уюштуруп, кечеге келген ырчылардын гонорарын төлөбөй койгондон улам чыкканы айтылган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *