Аламүдүндө 8 жаштагы кызды чечинтип, ыпылас аракеттерди жасаган эркек киши кандай жаза алды?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Эркек киши жашы жете элек кызга карата ыпылас аракеттерди жасагандыгы үчүн пробациялык көзөмөлгө алынды. Мындай өкүмдү 2022- жылдын 7-июлунда Аламүдүн райондук соту чыгарган. Иштин материалдары жабык отурумда каралды. Бул иш боюнча Е.У.П.га карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (ыпылас аракеттер) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, айыпталуучу жашы жете элек кыздын (ал учурда 8 жашта) үйүнө келген. Үйдө жабырлануучунун иниси болгон. Аны Э.У.П. кууп чыккан. Андан соң кыздын жана өзүнүн кийимдерин чечип, жашы жете элек кыздын интимдик жерлерин кармалай баштаган. Милиция аны колго түшүрүп, бирок жабырлануучу тараптын дооматы жок болгондуктан, ал камактан бошотулган. Аламүдүн райондук соту (судья Т.Маматалиев) Э.У.П.ны күнөөлүү деп таап, 6 жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда сот аны эркинен ажыратуу түрүндөгү жазадан бошотуп, 3 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл дайындаган. Чүй облустук сотунун соттук коллегиясы (судьялар К.Есекеев, Т.Абдырашитов жана Т.Аккозуев) бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Аргумент.kg